• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бабановдун жолун жолдоп эми Текебаев элге чыкты

2 Тогуздун айы 2020 17:43 Бишкек Govori.TV

“Ата Мекендин” лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн түз эфирге чыгып, бир катар суроолорго жооп берди. Буга чейин парламенттик шайлоого аттанган партияларды колдоп, шайлоого сүрөгөн эски саясатчылар тууралуу түрдүү кептер айтылган эле.

Ал эми Текебаевдин түз эфирге чыгып, сөз сүйлөөсү Бабановдун кайрылуусунан кийин ар кыл кызык пикирлерди жаратты.

Текебаев түз эфирде

Опубликовано Жалбырак ТВ — Сентябрь Пятница, 2 октября 2020 г.

Эске салсак, Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт. Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Учурда иш Биринчи май райондук сотунда кайра каралып жатат.

Количество просмотров: 2325