• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Бабановго карата бийликти күч менен басып алуу, массалык баш аламандык уюштуруу боюнча козголгон кылмыш иштеринин тергөө процесси токтотулду

20 Аяк оона 201816:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек 20.09.2018 Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго карата бийликти күч менен басып алуу, массалык баш аламандык уюштуруу боюнча козголгон кылмыш иштеринин тергөө процесси токтотулганын билдирди.
Маалыматка таянсак, Бабановго карата эки кылмыш иши козголгон. Алардын бири Ош шаарынын «Амир-Тимур» кичи районунда айткан чагымчыл сөздөрү боюнча, экинчиси бийликти күч менен басып алуу, массалык баш аламандык уюштуруу болчу.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура депутат Өмүрбек Бабановго карата Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутту деген кине менен 2017-жылы 4-ноябрда кылмыш ишин козгогон.

 

Количество просмотров: 12