• Шаршемби 8 Бештин айы 2021

Багуучусунан айрылган балдардын пенсиясы жогорулатылды

17 ноября 2021 в 11:35 Бишкек Govori.TV

Багуучусунан айрылган балдарды пенсиялык камсыздоо деңгээли жогорулатылды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын президентинин «Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан же энесинен, же экөөнөн тең айрылган учурда Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети тарабынан балдарга белгиленүүчү ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш деп белгиленген.

Багуучусунун биринен айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан тартып — 1 500 сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 2 миң сомго чейин жогорулатылат.

Багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан жана энесинен айрылган учурда, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 3 миң сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 6 миң сомго чейин жогорулатылат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарында болжол менен багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу 60 миң адам турат. Анын ичинде ата-энесинин бирин жоготкондугу боюнча – 58,8 миң адам, ал эми ата-энесинен бирдей айрылган 500 миң адам турат.

Количество просмотров: 350

Парламенттик шайлоо
Бирдиктүү шайлоо округу

«ЫЙМАН НУРУ»

79 489
6.15%

«БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН»

90 861
7.03%

«АЛЬЯНС»

107 587
8.32%

«ЫНТЫМАК»

142 128
10.99%

«ИШЕНИМ»

176 146
13.62%

«АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН»

223 773
17.30%

Биздин команда