• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Багышева: Мамлекетте болуп жаткан көрүнүштөрдү четте карап тура албайм

11 Бештин айы 2021 12:33 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалымат агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Мая Багышева.

Багышева Жалал-Абад шаардык архивинин башчысы болуп эмгектенет.

«Активдүү жарандардын катарын толуктайм. Мамлекетте болуп жаткан көрүнүштөрдү четте карап тура албайм. Колуман келишинче элдин жашоосунун жакшырышына салым кошкум келет. Саясатка аралашып, оппозициячыл партия менен шаардык кеңештин шайлоосуна катышып өтпөй калдык. Негизи эле айымдарга тоскоолдуктар көп болот. Билим алуунун зыяны жок, окутуу иш-чараларына катышуу менен билбеген нерселерди үйрөнгүм келет»,-деди Багышева.

Количество просмотров: 677