Бишкек. 26.09.2018. Govori.TV
«Сиз мени башка өлкөнүн жараны деп айтыптырсыз. Буга чейин сиз ЖМКлардын бирине менин башка өлкөнүн жараны экендигим боюнча маалымат айткансыз. Эгер сизде мындай маалымат болсо, эмне үчүн документтерди алып чыкпайсыз?»- деп депутат Бахадыр Сулейманов Акыйкатчылыкка талапкер Токтокүчүк Мамытовдон парламент жыйынында сурады.
Ал эми акыйкатчылыкка талапкер Мамытов «Мен сизди түшүндүм. Сиздин башка өлкөнүн жараны болгонуңуз боюнча менде материалдар бар. 1 ай мурун Казакстандын ИИМи тарабынан жана Кыргыз органдары тарабынан маалыматтар алынып, прокуратурага жана ИИМге өткөрүлүп берилди»-деди.
Ал эми депутат жоопту уккандан кийин “Бир жыл мурун бир генералыбыз “Белизгейт” жөнүндө айтты эле. Эми сиз “Казакгейтти” баштап жатасыз. Урматтуу депутаттар, мен СССРдин жараны болгом жана ал тарагандан кийин автоматтык түрдө Кыргыз Республикасынын жарындыгын алгам. Ошондон бери ушул жерде жашап келем”-деп билдирди. Аны менен катар Сулейманов Мамытовдун бир эле учурда эки кызматта иштеп, мыйзамды бузуп жатканын айтып чыкты. Учурда Токон Мамытов премьер-министрдин кеңешчиси катары эле мамлекеттен айлык аларын кошумчалады.