• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бахадыр Сулеймановдун кош жарандуулугу тууралуу маалымат текшерилет

28 Аяк оона 2018 9:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.09.2018. Govori.TV
Депутат Бахадыр Сулеймановдун кош жарандуулугу тууралуу маалымат текшерилет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комитетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, акыйкатчы Токтогүчүк Мамытовдон тийиштүү материалдар түшкөн. БШК ал документтерди Тышкы иштер министрлигине жиберген.
Эгер депутаттын Кытайдын паспортун алганы аныкталса ал мандатынан ажыратылат.
Эске салсак, 26-сентябрда парламентте акыйкатчыны шайлоо учурунда акыйкатчылыкка талапкер болуп жаткан Токон Мамытовду депутат Сулейманов «мени чет өлкөнүн жараны деген жалган маалымат таратып жатасыз”,- деп айыптаган.
Ал эми Мамытов анын чет өлкөнүн жараны экендиги жөнүндө далилдери бар экенин айткан.
Количество просмотров: 30