Аида Касымалиева: «Ар бир министрликтин иш сапар үчүн канча каражат сарпталганы текшерилсин»
Аида Касымалиева: «Ар бир министрликтин иш сапар үчүн канча каражат сарпталганы текшерилсин»
22 Тогуздун айы 2018 18:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.10.2018. Govori.TV
«Ушул жылдын жыйынтыгы менен ар бир министрликтен иш сапарларына канча акча сарпталгандыгы жана кайсы адистер баргандыгы тууралуу маалымат берилсин»,- деп бүгүн депутат Аида Касымалиева өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге тапшырма берди.
Мындан сырткары депутат бардык министрликтин кызматкерлери дипломатиялык паспортторду кандай максатта колдонгонун да текшерүү керектигин кошумчалады.
Каржы министри Адылбек Касымалиев иш сапарлар үчүн 2018-жылга бөлүнгөн каражаттар боюнча маалымат берди.
«Ушул жылга карата мамлекеттик кызматкерлердин иш сапарларына 809 миллион сом каралган. 19-октябрга карата 622 миллион сом сарпталган. Ал эми 2019-жылы иш сапарларга ушул эле көлөмдө акча каралат», — деди министр.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …