Чүй облусу гана эмес, бүтүндөй республика боюнча ооруканалардын даярдыгы текшерилет. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Вице-премьер дары-дармектин запасы 2-3 айга жетиштүү деген маалымат алганын белгилеген.
«Учурда дары-дармек каражаттары боюнча запастар, кыска мөөнөткө, алдыдагы 2-3 айга жетиштүү деген маалымат алынууда. Оорукана жетекчилерине дагы бир ирет кайрылып кетем, кызыл зонада иштеген врачтарга дары-дармектер, жеке коргонуу каражаттары жана маскалар жетиштүү болушу керек. Дарыканаларда дары-дармектер жетиштүү болгону менен, оорукананын ичинде иштеп жаткан дарыгерлерге дары-дармек жетишпей жаткан учурлар кездешип жатты. Келечекте республика боюнча толук маалыматты камтыган атайы сайт түзүлүп, анда ар-бир дарыгердин муктаждыгы кандай, дары-дармектер кандай иретте бөлүштүрүлүп жаткандыгын көзөмөлгө алуу пландаштырылууда. Мунун бардыгы мындан ары көзөмөлгө алынат, ачык-айкындык менен иш алып баруу – негизги милдетибиз», — деди Эльвира Сурабалдиева.
Белгилей кетсек, бүгүн вице-премьер Токмок шаарындагы капиталдык оңдоодон өтүп, ишке берилген ооруканага барган. Сурабалдиева дарыгерлер менен жолугуп, алардын ак эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген.