Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов гимнди өзгөртүү маселеси боюнча комментарий берди. Ал бул тууралуу М.Күреңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын 85 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөп жатып айтты.
«Биз ырга жакын элбиз, ырдаганды жакшы көрөбүз. Биз дасторкон ырларын, жандуу ырларды, романстарды ырдаганды жакшы көрөбүз, ыр аркылуу сүйүүбүздү арнайбыз. Бирок бул гимнди ырдай албайбыз. Үч жыл мурун мен биздин композиторлорго кайрылып, гимнибизди ырдай тургандай кылып өзгөртүүгө болобу деп сурадым. Көптөгөн басма сөз өкүлдөрү бул маселени туура эмес түшүнүп, өлкөнүн жаңы жетекчилиги жөн гана баарын кайра жазып, баарын кайра өзү үчүн жасап жатат дешкен. Жок! Муну баарыбыз, кыргызстандыктар көптөн бери сезип келебиз, көптөн бери айткыбыз келип жүргөн. Мекенибизге болгон сүйүүбүздү арнап, аны даңазалап, көкүрөк керип ырдагыбыз келет. Бирок биз ырдай албайбыз», — деди Байсалов.
Ал композиторлорду жана музыканттарды гимнди өзгөртүү боюнча демилгелерди колдоого, ошондой эле өлкөнүн жаңы гимнин иштеп чыгууга катышууга чакырды.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин гимнди өзгөртүү керектигин айткан.
«Себеби, гимнди кабыл алганда Советтер Союзунан чыккан убак болгон. Азыр биз бутуна толук турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошол үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек», — деген ал.
ЖК төрагасынын мындай пикири коомчулуктун катуу талкуусуна алынууда. Айрымдар өзгөртүү керек деген пикирди колдоого алса, айрымда буга такыр эле каршы.
Ал эми президент Садыр Жапаров бүгүн «Кабар» улуттук агенттигине бул тууралуу комментарий берип, гимнди өзгөртүүнү колдой турганын айтты.