• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Байден: АКШ башкалардын жарандык согушуна катышпайт

17 Баш оона 2021 14:46 Бишкек Govori.TV

АКШ президенти Жо Байден америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кеткенине өкүнбөй турганын билдирди. Бул тууралуу ал Ак үйдө журналисттерге интервью берип жатып билдирди.

“20 жылда АКШнын аскерлерин чыгып кетүү үчүн азыркыдай ыңгалуу учур болгон эмес”-, деген ал.

Жо Байден “Талибан” кыймылы Ооганстанды алар күткөндөн алда канча тез басып алганын мойнуна алды. Анын айтымында, Кошмо Штаттар талибдерге каршы туруу үчүн ооган куралдуу күчтөрүнө колдон келген жардамын көрсөткөн. АКШнын Ооганстандагы аскердик миссиясы бир триллион долларга турган. Ооган аскерлери курал-жарак, техника жана айлык акыны убагында алып турушкан.

Ооганстанда бийликке “Талибан” кыймылы келгенден бери биринчи жолу эл алдына чыгып сүйлөгөн Байден АКШнын Ооганстандагы улуттук кызыкчылыгы – АКШ аймагында террордук кол салууларга жол бербөө болгонун айтты.

Количество просмотров: 97