• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Байден Финляндия менен Швециянын НАТОго киришине макулдук берди

10 Баш оона 2022 13:38 Бишкек Govori.TV

Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден 9-августта Финляндия менен Швециянын НАТОго киришине макулдук берген, ратификацияланган документтерге кол койду.

Ал өз сөзүндө бул эки түндүкевропалык мамлекет “күчтүү, ишенимдүү жана эң жөндөмдүү жаңы өнөктөш” боло аларын билдирди. Ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путинди “Европадагы тынчтыкты жана коопсуздукту бузду” деп айыптады.

АКШнын сенаты 4-августта Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүүсү жөнүндө келишимди ратификациялаган.

Эки жаңы мүчөнү НАТОго кабыл алуу боюнча макулдашууларды уюмга мүчө 30 мамлекеттин баары жактырышы керек. Тиешелүү чечимди ушул кезге чейин 23 өлкө кабыл алды.

Эксперттер үчүн бул маселеде Швеция менен Финляндияны Анкара «террорчу» эсептеп, күрддөргө башпаанек берет деп айыптаган Түркиянын позициясы гана так эмес болуп турат.

Швеция, Финляндия жана Түркия бул жаатта макулдашууга жетишкен, бирок түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган НАТОго талапкерлерди ал макулдашууну толук аткарбай жатат деп айыптаган.

Эки жаңы мүчөнү кабыл алуу НАТОнун 70 жылдык тарыхындагы эң ыкчам процесс болуп калчудай.

Количество просмотров: 71