• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Байден: Кабулдагы эвакуация иштери 31-августка карата аяктайт деп үмүттөнөм

23 Баш оона 2021 9:36 Бишкек Govori.TV

АКШнын президенти Жо Байден Ооганстандан америкалыктарды жана алардын союздаштарын эвакуациялоодогу кыйынчылыктарга карабастан, бул иштер белгиленгендей эле 31-августка чейин аяктайт деп үмүттөнүп жатканын билдирди.

Жекшемби күнү Ак үйдө сүйлөгөн Байден «Талибан» (дүйнөдө тыюу салынган террордук уюм) кыймылы Кабулду өз көзөмөлүнө алган августтун ортосунан бери АКШ учактар менен Ооганстандын баш калаасынан 28 миңге жакын кишини эвакуациялаганын билдирди. Алардын баары америкалыктар жана талибдердин куугунтугуна кабылышы мүмкүн болгон ооганстандыктар менен башка өлкөлөрдүн жарандары. Буга чейин АКШнын союздаштарынын учактары да бир нече миң кишини эвакуациялаганы кабарланган.

Байден талибдер америкалык аскерлерге кол салбаганын жана эвакуация иштерине тоскоолдук кылбаганын белгиледи. “Ошол эле маалда эгер АКШнын өнөктөштөрү суранса, эвакуация иштери 31-августтан кийин да улантылышы мүмкүн”, — деди президент.

Бул маселе “Чоң жети” уюмунун 24-августта өтө турган онлайн саммитинде талкууланат деп күтүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Кабулда канча киши эвакуацияланышы керек экени тууралуу так маалыматтар жок. Бирок өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган миңдеген ооганстандыктар аэропорттун алдына топтолууда. Акыркы бир жуманын ичинде аба майданда жана анын айланасында октон жана тыгылыштан улам 20 ооган жараны каза болду.

Количество просмотров: 73