15- июнда Азербайжан Республикасы аркылуу Иран Ислам Республикасынын аймагынан 29 жаранынан турган топ эвакуацияланды.
Бул тууралуу маалымат алар Кыргыз Республикасынын элчилигине болгон кайрылуусунда билинди.
Кайрылууда, алар оор кырдаалда көрсөтүлгөн ыкчам, кесипкөй жана сезимтал жардамы үчүн КРнын Ирандагы Элчилигинин кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.
Маалыматта, дипломатиялык миссиянын ырааттуу ишинин, кызматкерлердин жеке катышуусунун жана ар бир адамга болгон кылдат мамилесинин аркасында эвакуацияланган кыргызстандыктар коопсуз шарттарга кайтып келе алышты. Элчилик бардык зарыл процедураларды координациялоону жана Тегерандан Бакуга чейинки жол бою биздин жарандарды коштоону камсыз кылды.
«Биз менен күнү-түнү байланышта болуп, актуалдуу маалыматтарды, моралдык жана уюштуруучулук колдоо көрсөткөн Элчиликтин бардык кызматкерлерине өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин иш — аракеттериңиздер-патриоттуулукка, жогорку жоопкерчиликке жана адамгерчиликке негизделген чыныгы дипломатиялык кызматтын ачык далили», — деп айтылат жарандардын биргелешкен кайрылуусунда.
Бул оор күндөрдө алар өздөрүн ар бир жаранга кам көрүлгөн чоң жана ынтымактуу өлкөнүн бир бөлүгү катары сезишти, дешти алар.