• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Байден TikTokтун ишин чектөө тууралуу мыйзам долбооруна кол койду

25 Чын куран 2024 18:18 Бишкек Govori.TV

АКШнын президенти Жо Байден TikTok социалдык түйүнүнүн ишин чектөөнү караган мыйзам долбооруна кол койду. Буга чейин соцтүйүндүн тиркемесин Apple жана Google компанияларынын аянтчаларына жайгаштырууга тыюу салган документти Конгресстин Сенаты менен Өкүлдөр палатасы жактырган.

Документке ылайык, эгер TikTok’ко ээлик кылган ByteDance компаниясы аны бир айдын ичинде башка адамга сатпаса, тиркеменин ишине чектөө киргизилет. Эгер сатуу келишимин түзүүдө жылыштар байкалса, бул мөөнөт дагы үч айга узартылышы мүмкүн.

Аталган соцтүйүнгө чектөө киргизүүнү жактагандар TikTok АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратарын билдирүүдө. Алардын айтымында, Кытайдын өкмөтү «Атайын кызматтар жөнүндөгү» мыйзамдарын ByteDance компаниясына каршы колдонуп, аны TikTok колдонгон АКШ жарандарынын жеке маалыматтарын кытай өкмөтүнө берүүгө аргасыз кылышы мүмкүн.

Буга чейин көптөгөн булактар ByteDance компаниясынын кытай өкмөтү менен байланышы бар экенин жана саясий цензура колдонуларын кабарлашкан. АКШда жана башка бир нече өлкөлөрдө ByteDance компаниясына карата тергөө иштери жүргөн.

170 миллионго жакын америкалык колдонгон TikTok АКШдагы колдонуучулары тууралуу маалыматтарды эч качан кытай өкмөтүнө бербегенин жана аларга мындай өтүнүч менен эч ким кайрылбаганын билдирген.

Количество просмотров: 104