• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Байдын эле баласы бай болобу?» Тууган-урукка чиелешкен партиялар…

9 Чын куран 2021 20:16 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоого саналуу күндөр гана калды. Парламенттик шайлоонун алдындагы негизги даярдык катары өтүүчү бул шайлоого жек-жаат, туугандарга байланган партиялар катышып жатат.  Алардын катарында белгилүү бизнесмендердин, саясатчыларды, жогорку кызмат ордунда олтургандардын балдары, туугандары бар.

 Мисалы, «Социал-демократтар партиясы» менен мурдагы президент, учурда абакта жаткан Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадырбек Алмазбекович аттанды. Ал 28 жашта, эч жерде иштебейт.

Ал эми коомчулукка бир катар билдирүүлөру менен белгилүү болгон депутат  Камчыбек Жолдошбаевдин кызы Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна «Ынтымак» менен шайлоого бара жатат. Ал 38 жашта,  «Беш-Сары-К» компаниясынын башкы директору.

Аткаминерлердин шайлоого ашыккан балдарынын арасында Абдраимов Акжол Туйгунаалиевич да бар. Ал Чүй облусунун мурдагы жетекчиси Туйгуналы Абдраимовдун уулу.

Ал эми Асанова Элнура Курсановна 28 жашта, жеке ишкер. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун кызы «Улуу-Журт» партиясы менен жарышка чыккан.

Белгилүү нарколог, КР президенттигине талапкер Жеңишбек Назаралиевдин кызы Назаралиева Алима Жеңишбековнаны «Тандоо эркиндиги» партиясынын катарынан көрүүгө болот.

27 жаштагы Ташиев Тай-Мурас Камчыбекович «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын тизмесинде. Ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин баласы. Дал ушул партия менен премьер-министр Мариповдун кеңешчиси, экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин уулу Тимур Осмоналиев да шайлоого аттанды.

Белгилүү ишкер Аскар Салымбеков түзгөн «Эмгек» партиясында анын агасы, экс-депутат Мамытбай Салымбековдун уулу, шаардык кеңештин депутаты Жумабек Салымбеков бар. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун бир тууганы, шаардык кеңештин депутаты Асел Пирматова да «Эмгектин» катарынан орун алган.

«Замандаш» партиясынын негиздөөчүсү Муктарбек Өмүракуновдун уулу 25 жаштагы Аскар Мухтарбекович партиянын лидери катары депутаттыкка бара жатат.

Андан ары да тизмектей, тактай берсек дагы да туугандык, ата балалык байланыштар чыга берет. Шаардык кеңештин депутаттары бекер иштей турганын белгилей кетүү керек, бир гана төрагасына маяна чегерилет. Анысына карабай, беделдүү саясатчылардын шайлоого аттанганынын себеби өздөрү төмөкүчө түшүндурөт.

Деген менен чырмалышкан туугандык катыштыгы бар партиялардын ат салышуусунда утуп чыккандар көп эле мүмкүнчүлүккө ээ болот десе  болот.

Ал эми саясат талдоочу Шаирбек Маматокторовдун айтымында шаардык кеңеш Парламенттин алдындагы даярдык академия катары калыптанып калганын айтат.

Кыргызстанда бийликке каршы чыккан, а түгүл бийликти кулаткан окуялар болду. Баардыгында жаңы жүздөрдү, жаңы адамдарды талап кылышкан. Деген менен баардыгы эски эле система менен кетип жатканын айтып чыкандар да бар.

Айрымдар депутаттыкка аттангандардын тууган-уруктарын шайлоого алып чыгуусу жеке кызыкчылыктар менен байланыштырышат. Айрымдар бизнеси коргосо, айрымдар партияны мурас кылып калтырып жатканын айтышат.

Шайлоо учурунда тууган-уруктардан тышкары тааныш билиштер аркылуу партиядан партияга секирген саясатчылар да бар. Айта кетсек, «Kloop.kg» порталы шаардык кеңешке шайлоого катышып жаткан талапкерлердин ичинен 208и былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого ар кайсы партиялар менен катышканын талдап чыккан. Анагы маалыматтар боюнча жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыркы парламенттик шайлоодо алдыңкы орундарды ээлеген партиялардын катарындагы талапкерлер азыр ар башка партиянын катарынан орун алышкан.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелде өтүп анда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Бишкек шаардык кеңеши 45 мандаттан туруп аган 1820 талапкер ат салышууда.

Количество просмотров: 140