• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Байланыш агенттигинин мурдагы директору 12-июлга чейин камакка алынды

15 Бугу 2020 14:19 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында 12-июлга чейин кармалмай болду.

Черногубова Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүүнүн алкагында шектүү катары кармалган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, сотко чейинки териштирүү быйыл 7-апрелде башталган. Черногубованы 12-майда Аскер прокуратурасы менен УКМКнын биргелешкен мекеме аралык тергөө тобу кармаган.

Ал «уюк байланыш операторлорунун бири жана Технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып байланыш операторунун лицензиясын стандарттарды өзгөртүү менен мыйзамдарды бузуп кайра каттаган» деп шек саналууда.

Кылмышка шектүү тарап азырынча комментарий же башка маалымат бере элек

Количество просмотров: 79