Активист Тилекмат Куренов 19-майга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту бүгүн кабыл алды.
Белилей кетсек, УКМК 19-апрелде конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн Куренов (Кудайберген уулу Тилекмат) БАЭден кармалып, КРге жеткирилгенин билдирген.
«К.у.Т. республиканын чегинен сырткары жүргөндө өзүнүн шериктери менен биргеликте социалдык тармактардагы көп сандаган аккаунттары аркылуу, КРде бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу менен массалык башаламандыкты уюштурууга чакырган чагымчыл постторду жана видео кайрылууларды байма-бай жарыялап турган»,-деп айтылат маалыматта.
Социалдык тармактарда Тилекмат Куренов деген ат менен белгилүү болгон Тилекмат Кудайберген уулу 39 жашта. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуяларына чейин президент Садыр Жапаровдун активдүү тарапташтарынын бири болгон. Кийин ал президентти жана бийликти катуу сындап келди.