• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Байматов кайра келди. Таркович улуттук курамага чакырылган футболчулардын тизмеси боюнча…

23 Бугу 202313:39 Бишкек Govori.TV

Жакында эле футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган Стефан Таркович Антон Землянухин менен Азамат Байматовдун командага кайтып келиши боюнча комментарий берди.

«Бул тизмени 8-майда жарыялаганбыз. Машыктыруучунун милдети – эң пайдалуу жана сапаттуу оюнчуларды изилдеп, тартуу»,-деди Таркович.

Буга чейин 1-июндан 9-июнга чейин өтчү машыгууларга келе турчу футболчулардын ысымы жарыяланган. Алардын арасында бир нече жылдан бери улуттук курама командада ойнобогон кураманын экс-капитаны Азамат Байматов бар.

Машыктыруучулар штабы 33 оюнчудан турган кеңейтилген тизмени жарыялады:

Дарбазачылар:

  • Токотаев Эржан («Каспий», Казакстан).
  • Коченков Антон (Арсенал Тула, Россия).
  • Чомоев Султан («Дордой»).
  • Прядкин Артем («Дордой»).

Коргоочулар:

  • Кичин Валерий (Енисей, Россия).
  • Браузман Христиан («Абдыш-Ата»).
  • Акматов Айзар («Абдыш-Ата»).
  • Мищенко Александр («Дордой»).
  • Жыргалбек уулу Кайрат («Аксу», Казакстан).
  • Козубаев Тамирлан (Чыгыш, Гонконг).
  • Сагынбаев Бекжан (Китчи, Гонконг).
  • Байматов Азамат («Алга»).
  • Мамыралиев Сүйүнтбек («Дордой»).
  • Ызаков Кайрат («Абдыш-Ата»).

Жарым коргоочулар:

  • Атабаев Эрбол (Динамо Россия).
  • Абдурахманов Одилжон (Мактаарал, Казакстан).
  • Рустамов Турсунали («Дордой»).
  • Давыдов Николай (Исманинг, Германия).
  • Алыкулов Гулжигит (клубу жок).
  • Узденов Магамед («Алга»).
  • Жалилов Рауль («Алга»).
  • Жумашев Атай («Абдыш-Ата»).
  • Мерк Кай (Союз-Титус-Петанж, Люксембург).
  • Дүйшөбеков Бактияр (Мурас Юнайтед).
  • Мусабеков Фархат («Абдыш-Ата»).
  • Азаров Азим («Абдыш-Ата»).

Чабуулчулар:

  • Молдожунусов Эльдар («Нефтчи»).
  • Джоэл Кожо («Динамо Самарканд», Өзбекстан).
  • Батырканов Эрнист (Келантан Юнайтед, Малайзия).
  • Мурзаев Мирлан (клуб жок).
  • Алмазбек Бекназ (Галатасарай, Түркия).
  • Землянухин Антон («Алга»).
  • Алыгулов Максат («Абдыш-Ата»).
Количество просмотров: 89