• Дүйшөмбү 19 Чын куран 2021

Баймуратов: Өкмөт депутаттар көтөргөн ар кандай маселелерди чечпейт

25 марта 2021 в 11:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Калдарбек Баймуратов өкмөткө нааразы болду.

Анын айтымында, эл өкүлдөрү ар кандай маселелерди көтөрөт, бирок өкмөт аны чечпейт.

“Депутаттар канча деген маселелерди көтөрөт, силер чечпейсиңер. Жок дегенде көтөрүлгөн көйгөйлөр бул убакытта аткарылат деп пландабайсыңар. Биз көп нерсени айтабыз. Мына Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүндө мектептердин курулушу боюнча каражат которулбай жатат. Ушул сыяктуу маселе көп, качан чечилет?” – деди депутат.

Количество просмотров: 59