• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Байсалов Темировго жооп берип, алтын куймалары боюнча тараган видеону фейк деп атады

8 Бугу 2024 9:28 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирүү таратып, иликтөөчү журналист Болот Темировдун алтын куймалары тууралуу жасаган материалына жооп берди.

Байсалов өз билдирүүсүндө интернетте тараган «Кыргызстандан алтын куймалары чыгарылып жатабы?» деген видео фейк экенин айткан. Ошондой эле ал алтын видеодон көрүнүп турган ыкмалар менен ташылбай турганын, ар бир куймага маркировка, уникалдуу номерлер басылган соң гана чет жакка чыгарыларын билдирди. 

«»Соцмедиада бир видео тарады» демиш болуп, бир эле саатта калп эле изилдөө кылымыш болуп, ютубка мобундай дап-даяр шедевр илип, тим эле тастыктай салганычы. Өздөрү фейк тартышкан! Фейк болгону даана көрүнүп турат», — деп жазган ал.

Эске салсак, буга чейин соцтармактарды алтын куймалары тартылган видео тарап, талкууга алынган болчу. Иликтөөчү журналист Болот Темиров алтын куймалары Кыргызстандан сырка ташылып жатабы деген суроонун айланасында кыскача материал жасап, жарыялаган.

Количество просмотров: 51