• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Байсалов Пакистандан келген студенттердин жатаканасына барды

19 Бугу 202420:38 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 18-майга караган түнү болуп өткөн окуяга байланыштуу Кыргызстан эл аралык университетинин Медицина факультетинин жатаканасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эдил Байсалов чогулган чет элдик студенттерге жана мугалимдерге айрым бейбаштар тарабынан жасалган иштер үчүн кечирим сураган сөздөр менен кайрылды.

“Кээ бир жеке адамдардын бул аракеттери биздин меймандостук маданиятка жана салтка эч кандай тиешеси жок. Элибиз эзелтеден бери алыстан келген конокторго өзгөчө урмат-сый, камкордук менен мамиле кылып келген. Биз аларды “мусапыр” деп атайбыз. Урду тилинде да ушундай сөз бар экенин билем жана бул биздин элдерибиздин жакындыгынын көрсөткүчү. Биздин өлкөдө чет өлкөлүк студенттерге зор тилектештик менен мамиле кылынат, алар элдердин ортосундагы достукту бекемдөө үчүн көпүрө болуп саналат. Албетте социалдык тармактарда көптөгөн жалган маалыматтар бар экенин түшүнөбүз. Сиздердин ата-энеңиздер, жакындарыңыздар Кыргызстанда жашоо коопсуз экенин билиши керек, сиздердин бакубат жашооңуздар үчүн толук жоопкерчилик бийликте. Бир түндө болгон окуялар элибиздин сиздерге болгон мамилесин чагылдырбайт. Укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөдө жана күнөөлүүлөрдүн баарын сөзсүз жоопко тартат”, — деди ал.

Ошондой эле МинКаб Төрагасынын орун басары чет элдик студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берип, жатакананын бөлмөлөрүн көрүп чыкты.

Количество просмотров: 467