• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

180 пакистандык атайын учак менен Лахор шаарына конду

19 Бугу 202412:23 Бишкек Govori.TV

Пакистандын 180 жаранын салып Бишкектен чыккан учак Лахор шаарына жетти. Бул маалыматты Пакистандын Жарандык авиация агенттиги «Машаал» радиосуна билдирди.

Радионун маалыматына ылайык, 180 кишинин ичинде 140 студент, калганы Кыргызстанда жашап, иштеп жүргөн пакистандыктар. Алардын арасында 18-майга оогон түнү Бишкектеги башаламандыкта жараат алгандар да бар.

Исламабаддын мамлекеттик PTV телеканалы келген жарандарды Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви тосуп алганын көрсөттү.

Бишкек өлкөдөн кетип жаткан пакистандыктар тууралуу кеңири маалымат бере элек.

Мохсин Накви бул студенттер өз эсебинен учуп келишкенин, ал эми 19-майдан баштап Кыргызстандагы жарандарды алып келүү боюнча атайын каттамдар жүргүзүлөрүн айтканын жергиликтүү медиа кабарлады.

Чет элдик студенттер билим алган айрым окуу жайлардын жетекчилиги да пакистандык студенттер арасында мекенине кайтып жаткан жана кайтууну каалагандар бар экенин ырастаган.

17-майда интернетте «чет элдиктер аралашкан» деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты. Мындан кийин Бишкек шаарынын көчөлөрүндө ондогон жарандар топтолуп, башаламандыктар менен коштолгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майга караган түнү Бишкекте катталган тополоңдун жана анын чыгышына себеп болгон окуялардын хронологиясын жарыялап, иштин деталдары тууралуу расмий маалымат тараткан. Мекеме түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук тарап кетишкенин билдирген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 246