• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Байсалов: Атамбаев өзүн мыйзамдан жана мамлекеттен жогору койгонду улантууда

25 Жалган куран 2022 14:45 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн Твиттердеги баракчасына мурдагы президент Алмазбек Атамбаев боюнча бир нече пикирин жазды.

«Атамбаев өзүн мыйзамдан жана мамлекеттен жогору коюп жатканын улантууда. 2019-жылы суракка келбегендиктен жана куралдуу каршылыктан улам Кой-Таш окуясы болуп, атайын кызматтын офицери өлүп, башкалары да жаракат алган.

Эми ал бир нече айдан бери сотко келүүдөн баш тартып жатат. Кандай укук менен? Ал миңдеген башка айыпталуучулардан же камактагылардан эмнеси менен жакшы же жогору? Ошондуктан эркинен ажыратуу, ошол себептен абак режими, камактагы адам соттун жана коштоочулардын талаптарына баш ийүүгө милдеттүү», — деп жазган Байсалов.

Эске салсак, 23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот болмок. Бирок негизги айыпталуучу Атамбаев сот залына кирүүдөн баш тартып койгондуктан отурум 30-мартка жылды. Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев аны камерадан күч колдонуп, сүйрөп чыгышканын билдирген.

Количество просмотров: 289