• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Кыйноолорду алдын алуу борбору: Атамбаевдин колу-бутунда көк ала тактар бар экени аныкталды

25 Жалган куран 2022 9:39 Бишкек Govori.TV

Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлерине №47 колониянын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев отурган камерасы боюнча видеолорду көрүүгө уруксат берилген жок. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, аталган борбордун кызматкерлери №47 колонияга 24-мартта барган. Атамбаев менен жолукканда анын колу-бутунда көк ала тактар бар экени аныкталган.

23-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот болмок. Жактоочу Замир Жоошев Атамбаев «Кой-Таш окуясы» боюнча сот отурумуна «ооруп жатканына карабай, күч менен жеткирилгенин» билдирген. Атамбаев райондук соттун имаратына жеткирилген соң унаадан түшүүдөн баш тарткан. Андан соң соттун имаратына тез жардам чакырылып, унаада дары-дармек жок болгондуктан Атамбаев кайрадан колонияга жеткирилген. Ал эми Атамбаевдин адвокаттары Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүн жоопкерчиликке тартуу боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрыла турганын белгилешкен.

Количество просмотров: 1262