• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Байсалов БУУнун Өнүктүрүү программасынын жаңы дайындалган туруктуу өкүлү менен жолукту

5 Тогуздун айы 2023 17:22 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын жаңы дайындалган туруктуу өкүлү Александра Соловьева менен жолукту.

Баарлашуунун жүрүшүндө Эдил Байсалов Александра Соловьеваны жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстандагы миссиясына ийгиликтерди каалады.

Ал Кыргызстандагы БУУнун системасындагы уюмдарынын ичинен эң маанилүү эл аралык өнөктөш болуп саналаарын жана учурда жалпы суммасы 59 миллион 786 миң АКШ долларына жакын 22 долбоорду ишке ашырып жаткан БУУнун Өнүктүрүү программасынын Бишкектеги кеңсеси менен кызматташуунун жогорку деңгээлин белгиледи.

Эки тараптуу сүйлөшүүдө Кыргызстанды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү, билим берүү, климаттын өзгөрүшү жана тоолуу аймактарды колдоо, жаратылышты коргоо, өзгөчө кырдаалдар, гендердик теңчилик, саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Александра Соловьева БУУнун Өнүктүрүү программасы өлкөнүн улуттук артыкчылыктарынын жана программаларынын негизинде Кыргызстанды өнүктүрүүгө жардам көрсөтүүнү улантууга даяр экенин билдирди.

Количество просмотров: 75