• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Байсалов менен Максүтов президенттен эскертүү алды

27 Аяк оона 2023 16:23 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовг президенттен эскертүү алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов Эдил Жолдубаевичке жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Максутов Алтынбек Аскаровичке эскертүү берилди.

Бул чечим Сербиядан Кыргызстанга кайтып келген Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын байге ээлерин тосуп алууну жетиштүү деңгээлде уюштурбагандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Количество просмотров: 139