• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Байсалов Нарындагы бир катар социалдык объектилерди кыдырды

21 Чын куран 2022 18:15 Бишкек Govori.TV

Нарын облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Социалдык фонддун Жумгал жана Кочкор райондорундагы аймактык бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары социалдык коргоо тутумунун ишинин шарттары, ошондой эле анын ичинде бийик тоолуу аймактардын коэффициентин эске алуу менен жергиликтүү тургундарга социалдык төлөмдөрдү эсептөө методикасы менен таанышты.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары имараты авариялык абалда турган Калык Акиев атындагы райондук музыкалык драма театрында болуп, ошондой эле Жумгал районунун Эпкин айылындагы Акун Садырбаев атындагы орто мектептин мугалимдери жана окуучулары менен жолугушуп, анда бюджеттик тармактын кызматкерлеринин, анын катарында мугалимдердин эмгек акысынын жогорулатылышы тууралуу айтып берди.

Количество просмотров: 298