• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Чет өлкөлүктөрдү сабаган деген шек менен 5 адам кармалды

22 Бугу 202410:38 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы 18-майга караган түнү Аламүдүн айылынын Курманжан Датка көчөсүндөгү тигүү цехинде жашап иштеген Индиянын, Бангладештин жана Пакистандын жарандарын сабап, тоноп кеткен деген шек менен беш адам кармалганын 22-майда билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 18-майга караган түнү саат 04:30да 60-70 киши коомдук тартипти бузуп тигүү цехине кирип барып, ал жакта иштеген чет элдиктерди сабап, акчасын, уюлдук телефондорун алып кетишкен. Бул окуядан цехке материалдык зыян келтирилип, 14 чет өлкөлүк жаракат алып, алардын үчөө №4 Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен иш козголуп, беш адам кармалды. Алардын эң улуусу 56 жашта болсо, кичүүсү 19 жашта. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык жаралган.

Количество просмотров: 83