Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Кемпир-Абад» иши боюнча камакта жаткан Азимбек Бекназаровдун Фейсбук баракчасына жарыяланган «коомдук импичмент» деп аталган ишеним көрсөтпөө сунушуна жооп жазды.
Мдаа. Это не задержанные "намерены объявить". Это наш Азимбек Бекназаров еще раз демонстрирует свое перманентное желание свалить власть. Генпрокурор и зам МВД — они как раз и ведут следствие, предъявляют обвинение. В буквальном смысле — это их функция. 1/4 https://t.co/r9QVH4m0x7
— Edil Baisalov (@baisalov) May 4, 2023
Кемпир-Абад маселесине байланыштуу айыпталып жаткандар бүгүн 4-майда президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп,»коомдук импичмент» деп аталган ишеним көрсөтпөө демилгеси баштала турганын айтышкан.
“Биз бийликке теңелбедик, баарына чыдап келдик. Адилеттүүлүк болор деген үмүт болгон. Кемпирабадчылар сизден эч качан кечирим сурабайбыз. Себеби, биз мамлекет, эл, мыйзам алдында эч кандай күнөө кылган жокпуз. Тескерисинче, Конституцияны, мыйзамдарды эки жылдан бери сиз өзүңүз командаңыз менен бузуп жатасыздар. Ошондуктан өзүңүз бизден, элден кечирим сурап, президенттик кызматтан өз ыктыярыңыз менен тынч кетсеңиз туура болот деп эсептейбиз!”, — деп айтылды кайрылууда.