Энергетика министрлиги бөлүштүрүүчү компаниялардын кайрылуусу боюнча реакция кылды
Энергетика министрлиги бөлүштүрүүчү компаниялардын кайрылуусу боюнча реакция кылды
27 Чын куран 202622:04 Бишкек Govori.TV
Кыргызстандын Энергетика министрлиги электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларга жооп берип, айрым дооматтарын четке какты. Министрликтин басма сөз кызматы 27-апрелде маалымат таратып, буга чейин жеке бөлүштүрүүчү компаниялардын абоненттеринен алардын ишине даттанып, бир нече жолу кайрылуулар түшкөнүн, кызмат көрсөтүүнүн сапатына жана ишмердүүлүгүнө нааразычылык билдирип, мамлекеттик компаниялардын тейлөөсүнө өтүүнү каалашканын билдирди.
«Жеке компаниялардын «импорттук электр энергиясынын чыгымдарын жабууга мажбурлап жатат» деген билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт. Бирдиктүү тариф электр энергиясынын чыныгы наркын, анын ичинде импорттук жеткирүүлөрдү да эске алуу үчүн зарыл. Айрыкча күз-кыш мезгилинде тартыштык жаралып, башка өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алууга туура келет. Чыныгы чыгымдарды эске албоо тармакта карыздардын көбөйүшүнө жана каржылоонун жетишсиздигине алып келет», — деп жазылган маалыматта.
Эскерте кетсек, 27-апрелде, Ата мекендик бөлүштүрүүчү компаниялар Президент Садыр Жапаровго кайрылып, алардын укуктарын коргоону, дискриминациялык шарттарды жоюуну жана тарифтик саясатты мыйзам чегинде кароону өтүнүшкөн. Алардын айтымында, министрлик бөлүштүрүүчү компаниялар үчүн тарифти импорттук электр энергиясынын баасына негиздеп белгилөөнү сунуштап жатат.
Кайрылууда Энергетика министрлиги сунуштап жаткан өзгөртүүлөр бөлүштүрүүчү ишканаларга кошумча жүк жүктөп, аларды импорттук электр энергиясынын чыгымдарын жабууга милдеттендирери белгиленген. Бул механизм ишканалардын реалдуу чыгымдарына эмес, импорттук баага таянганы үчүн мыйзамга каршы келиши мүмкүн экендиги айтылат.
Кайрылууда, бөлүштүрүүчү ишканалар — жарандарды электр энергиясы менен ыкчам камсыз кылуу үчүн мамлекет менен тыгыз кызматташтыкта иштеген ички инвесторлор болуп саналат. Белгилей кетчү жагдай, алар тарифтик саясатка таасир этпейт, жарандар үчүн электр энергиясынын баасы бирдей жана ал мамлекет тарабынан белгиленген.
Проблеманын маңызы эмнеде?
Мыйзам бузуу: Сунушталып жаткан механизм бизди импорттук электр энергиясынын чыгымдарын жабууга милдеттендирет. Бул тариф ишкананын тармактарды тейлөөгө жумшаган реалдуу чыгымдарына негизделиши керек деген мыйзам ченемдерине карама-каршы келет.
Ачык-айкындуулуктун жоктугу: Министрлик пикир алышуудан качып, негиздүү эсептөөлөрдү бербей жатат жана сунушталган өзгөртүүлөрдү рыноктун катышуучулары менен талкуулоодон баш тартууда.
Инвестицияларга коркунуч: Ошол эле учурда биздин инфратүзүмдөрдү мажбурлап сатып алуу аракеттери активдүү жүрүүдө. Бул Кыргыз Республикасынын Президентинин менчикти коргоо жана инвесторлорду колдоо жөнүндө Жарлыгына түз каршы келет. Мындай кадам рынокто чыгымдуу шарттарды түзүп, ата мекендик компаниялардын банкрот болушуна, жеке сектордун жок болушуна, салынган инвестициялардын күйүп кетишине жана энергетика рыногунун толук монополиялашуусуна алып келет.
Монополияга жол ачуу: Бул иш жүзүндө ата мекендик бөлүштүрүүчү ишканаларды рыноктон сүрүп чыгарууга, атаандаштыкты жоюуга жана рынокту ийкемсиз бир гана монополисттин ээлеп алуусуна шарт түзөт. Мындай аракеттер Кыргыз Республикасынын табигый монополиялар жөнүндө мыйзамдарына, ошондой эле атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча мамлекеттик саясатты жокко чыгарат.
ЕАЭБ принциптерине карама-каршы келет: Көз карандысыз компаниялардын жоктугу өлкө ичиндеги рыноктук мамилелердин бар экенинен күмөн санатат. Ата мекендик ишканалардын жок кылынышы энергетикадагы рыноктук байланыштарды үзүп, 2027-жылга карата ЕАЭБ алдындагы милдеттенмелердин аткарылбай калышына алып келет. Натыйжада, мамлекет электр энергиясын сатуу үчүн кайрадан жасалма түзүмдөрдү түзүүгө мажбур болот.
Компаниялардын өтүнүчтөрү:
Мыйзамдуулукту камсыз кылуу: Ишканаларды дискриминациядан коргоо жана Энергетика министрлигин ачык-айкын жөнгө салуу талаасына кайтаруу.
Демилгени токтотуу: Энергетика министрлигинин 2022-жылдын 12-сентябрындагы №01-13/146 «Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергетикасы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин токтотуу.
Экспертиза өткөрүү: Министрликтин демилгелерине көз карандысыз укуктук жана экономикалык баа берүүнү тапшыруу.
Пикир алышууга кошуу: Бөлүштүрүүчү компаниялар үчүн тарифтерди талкуулоого бизнес өкүлдөрүнүн катышуусун камсыз кылуу.
Көз карандысыз секторду сактап калуу: Көз карандысыз компанияларды рыноктон сүрүп чыгаруучу жана инвестициялык климатты начарлатуучу чечимдерге жол бербөө.
«Биз өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу үчүн конструктивдүү кызматташууга даярбыз. Сиздин жетекчилигиңиз астында бул курч маселе мыйзам чегинде гана чечилерине ишенебиз. Бул бардык инвесторлор үчүн республикабызда менчик укугу кол тийгис экендиги тууралуу күчтүү сигнал болот», — деп айтылат Ата мекендик бөлүштүрүүчү ишканалардын билдирүүсүндө.