• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Байсалов Женевадагы БУУ европалык форумунда Кумтөр боюнча билдирүү жасады

6 Чын куран 2022 18:04 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын Регионалдык форумун ачууда дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Кыргыз Республикасынын жана канадалык эл аралык тоо-кен иштетүүчү «Centerra Gold Inc.» компаниясынын келишимине бурду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

«Биздин ири алтын кенибиз, улуттук байлыгыбыз толугу менен кыргыз мамлекетинин менчигине өттү. Келишим тынчтык жол менен, бардык кызыкдар тараптар үчүн пайдалуу негизде түзүлгөн келишим болду. Кыргыз Республикасы мыйзам үстөмдүгүн коргоону жана эл аралык инвестициялар үчүн бардык эл аралык жана улуттук кепилдиктерди жактай тургандыгын ырастайт. Биздин өлкө бизнес үчүн ачык», — деп билдирди Эдил Байсалов.

Количество просмотров: 366