• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Байсаловдун «кылыбыз кыйшайбайт» деген сөзү талкуу жаратты

14 Тогуздун айы 2021 12:40 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп жаңы дайындалган Эдил Байсалов мындан ары өкмөт мурдагыдай парламентке көз каранды жагдайда иштебей турганын “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” берүүсүндө айткан.

“Мындан ары өкмөт мурдагыдай техникалык болбойт. Биз мурдагыдай парламенттин каалоосу менен кетип калбайбыз. Бизге азыр 90 депутаттын пикиринин кереги жок. Ар бир депутаттын артынан чуркабайбыз, 45 же 50 депутат менен иштеше беребиз”,-деп билдирген Байсалов.

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев талкуу учурунда парламентте көрөгөч, тайманбаган оппозиция керектигин айтты.

«Президент Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду көзөмөлдөшү үчүн ага караганда эки эсе алысты көрө билиши керек, ага караганда эки эсе билимдүү болушу керек. Ошондо гана аны көзөмөлдөсө болот. Жалгыз президент аны көзөмөлдөй албайт. Коомдук пикир, массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги жана парламентте көрөгөч, тайманбаган оппозиция керек. Бийликтегилердин түбүнө кошоматчылар жеткен» , — деди Текебаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп жаңы дайындалган Эдил Байсаловдун айткандары социалдык тармакта кызуу талкуу жаратып жаткан чагы.

Количество просмотров: 1346