• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Байсаловго манжасын көрсөткөн жаран камалды

7 Үчтүн айы 2022 12:41 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго манжасы менен ишарат көрсөткөн 19 жаштагы жигит эки суткага камалды. Бул тууралуу Байсалов өзү «Твиттерге» жазды.

Байсалов ага доосу жоктугун, бирок милиция аны «бийлик өкүлүн мазактады» деген негиз менен камакка алганын билдирген.

Эске салсак, 6-январь күнү Ак үйдүн алдында Кыргызстандын аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы нааразычылык акциясы өткөн. Анда имаратка кирип бараткан Байсаловго бир киши ортоңку манжасын көрсөткөн. Анын сүрөтү социалдык желеге тарап, кызуу талкууга алынган. Ошол күнү ал жаран Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, Жоруктар кодексинин 126-беренеси (“Майда бейбаштык”) боюнча материал толтурулган.

Милициянын басма сөз кызматы ал жаранды текшерүү учурунда пакетте 0,2 грамм белгисиз зат табылганын, экспертиза дайындалганын билдирген.

Количество просмотров: 934