Жакында эле президенттин ырайымы менен абактан чыккан Даниел Ажиев эки айга Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына камалды. Мындай чечимди 7-мартта Токмок шаардык соту чыгарган.
Белгилей кетсек, ИИМ 6-мартта Даниэл Ажиев кайрадан кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо”) негизинде кылмыш ишин козгогон.