• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Байтик баатыр ким болгон?

30 Баш оона 2022 16:34 Бишкек Govori.TV

Кыргыздын көрүнүктүү тарыхый инсаны Байтик Канай уулунун 200 жылдык мааракеси республикалык деңгээлде майрамдалганы турат.

Байтик Канай уулу 1822-жылы же 1823-жылы Чүй өрөөнүндө туулган. (Анын туулган жана өлгөн жылдарын тарыхчы Кыяс Молдокасымов Орусиянын падышалык доордогу архивдик даектерин иликтеп жүрүп тактаган). 

Байтик 15 жашка чыкканда солто уруу бирикмесинин башкарып келген атасы дүйнөдөн кайтат. Солто уруусундагы бийлик аталаш агасы Жаңгарачка өтөт. Жаңгарач агасы Канайдын уулу Байтиктин намыскөй, өжөр, бетегенинен кайра тартпаган өткүр, эр жүрөктүүлүгүн баалап ага көбүрөөк назарын салган. Байтик баатырдын, баатырдык атакка жетишне, элин жерин башкаруудагы көсөмдүгүнө, акылман, саясий бай тажрыйбасы бар бир тууган агасы Жаңгарачтын салымы чоң болгон. 

Чүй өрөөнүндөгү солто уруусунан чыккан Ботокан дегендин ашында Байтик баатыр агасы Жангарачка «Көк Чолок» деген аргымагын сыймыктануу менен тартуулаган. Инисинин пейлинин кеңдигине ыраазы болгон, келечекте Солтону башкарууга жарагыдай эр мүнөз, курч кыялын мурунтадан байкап жүргөн Жангарач: «Байтиктин арааны ачылды. Бактысы башына келип турганда, ал да өз элин өзү бийлесин»,-деп оң батасын берип, солто уруусунун башкаруу бийлигин Байтикке өткөрүп берген. 

Кокон хандыгынын кыргыздарга болгон аксым саясаты, талап тоноочулук, салыктардын күн санап өсүшү ошол мезгилдеги көгөйлүү маселелердин бири болгон. Элдин Кокон хандагана анын башкаруучуларына болгон жек көрүүсү уламдан улам чыңалып келе жаткан эле. Байтик баатырдын Кокон хандыгына болгон көз карашынын , мамилесинин өзгөрүшүнө 1861-жылдын баш ченинде Пишпек чебине бек болуп келген Рахматулланын адат, мыйзамга, каада-салтка жат иш-аракеттери себеп болуп анын ашынып түрдүү салыктарды салышы шыкак болгон. Пишпек жана Токмоктогу Кокон сарбыздарын кармап турууда аларды ичинтип, жедирип дан менен камсыз кылып туруу Чүй боорундагы элердин милдети эле. Рахматулланын барган сайын байлыкка марып, оңой оокатка тап мамилеси күчөп, элдин гана арасында эмес эл башкаруучуларына да өзүнүн терс кыял жоругу менен жаман көрүнгөн. Эл башында турган Байтик баатыр эли менен кеңешип, жек көрүндү бектен кутулуу чечимин чыгарышат, бул болсо ачыктан ачык эле Кокон хандыгына каршы чыгуу болуп эсептелген. Пишпек чебинде жайгашкан бекти Байтик баатыр өз жайлоосуна конокко чакырып, сарбыздары менен кошуп өлтүртүп салат да Пишпек чебин камалоого алат. Ал Кокон хандыгынын зомбулугуна каршы туруп, эл кызыкчылыгы үчүн күрөшкөндүгүнөн баатыр аталган. 

Байтик атына заты жарашкан, эл намысына жараган, эл үчүн кам көргөн, алды артын карап иш кылган, кырдаалга туура баа берип опурталдуу учурларда ыңгайын таап жол салган улуу инсан болгонун Байтик айылынын тургуну айтып берди.

Байтик 19-кылымдын орто ченинде Чүй өрөөнүндөгү кыргыздардын Орусия империясы тарабынан каратылышына түздөн-түз салым кошкон. 1867-жылы ал солто уруусунун өкүлү катары падыша Александр IIнин Кеңешине катышуу үчүн Санкт-Петербургга барган. Байтик баатыр 1886-жылы Чүй өрөөнүндөгү өзүнүн кыштоосунда (азыркы Аламүдүн районуна караштуу Байтик кыштагында) каза болгон.

Количество просмотров: 5300