• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

Эртең Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

12 Кулжа 2024 17:03 Бишкек Govori.TV

Эртең, 13-июндан тарта Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, Байтик баатыр көчөсүнүн Медеров жана Горький көчөлөрү менен чектелген бөлүгү жабылат.

Учурда Байтик баатыр көчөсүнүн Токтомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки аралыгына асфальттын экинчи катмары басылууда. Ал эми Сүйөркулов жана Медеров көчөлөрү менен чектелген аралыкта асфальт басууга даярдык жумуштары жасалууда.

Количество просмотров: 135