• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Байтик баатырдын Бас-Бөлтөгү” тоосунан колуңарды тарткыла. (Резолюция)

22 Аяк оона 2018 12:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.09.2018.Govori.TV.

22 сентябрда “Бас-Бөлтөктү сактайлы” атту элдик курултайы өттү.

«Бас-Бөлтөктү сактайлы»
элдик курултайынын резолюциясынын текстин толук тартуулайбыз.

Биз, Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагындагы “Байтик баатырдын Бас-Бөлтөгү” аттуу касиеттүү тоону коргоп калуу максатында өткөрүлгөн “Бас-Бөлтөктү сактайлы” элдик курултайынын катышуучулары, курултайга катышкан калың калктын талкуусунан өткөн талаптардын жана маселелердин негизинде ушул резолюцияны кабыл алдык:

— “Байтик баатырдын Бас-Бөлтөгү” тоосунан колуңарды тарткыла;
— “Байтиктин Бас-Бөлтөгү”, ошондой эле Арчалы жана Беш-Күнгөй тоолорунун аймактарындагы иштетүүгө жана чалгындоого берилген лицензияларды, айыл-чарба багытындагы жерлердин кескин азайышын, айыл жана дачалардагы, үйлөргө жана мектепке жакын жайгашкан тоо-кен ишканаларды, аларга тиешелүү оор жүк ташуучу автоунаалардын жүк ташуу эрежелерин одоно бузуп, көптөгөн жол кырсыктарын жана ошол эле жолдордун талкаланышын текшерүү ирээтинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана мамлекеттик укук коргоо мекемелиринин мүчөлөрүнөн, жергиликтүү бийликтин жана тургундардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тузүү;
— Аталган тоолорду Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү орду бар тарыхый-маданий мурас объекттеринин катарына киргизүү боюнча тиешелүү иш чараларын жүргүзүү;
— Экологиялык маселелер боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүү;
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жер казынасын пайдалануу жана лицензия берүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана укуктук жөнгө салуу шарттарына, Кыргызстандын жер-жерлериндеги кен-байлыктарды иштетүүдөн келип чыккан чыр-чатактарды жана келишпестиктерди алдын алуу, жергиликтүү тургундардын жана жергиликтүү бийликтин макулдугусуз чалгындоо жана кен казып алуу иштерине жол бербөө максатында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоо;
— Кен байлыктарды чалгындоо жана казып алуу иштерин коомдук көзөмөлгө алуу максатында “Кыргызстандын кен-байлыктарын көзөмөлдөө комитетин” түзүү.

Резолюция Кыргыз Республикасынын президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, Кыргыз Республикасынын премьер-министрине жана Өкмөт курамындагы профилдүү министирликтердин жетекчилерине, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун акимдерине, Байтик, Таш-Дөбө жана Орок айыл кеңештеринин депутаттарына жана айыл аймактарынын жетекчилерине, коомдук ишмерлерге жана жарандык активистерге, эл аралык мекемелердин, бейөкмөт уюмдарынын жана жалпыга Маалымдоо Каражаттарынын өкүлдөрүнө тапшырылсын.

Количество просмотров: 38