• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бакашова баласы менен таксиде иштеген жарандын абалын жеке көзөмөлгө алды

12 Баш оона 2021 9:44 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова баласы менен таксиде иштөөгө мажбур болгон жарандын абалын жеке көзөмөлгө алды.

Эскерте кетсек, Нурилло Мухамеджанов – эки баланын атасы, анын жубайы бир ай мурун экинчи баласы төрөлгөндөн кийин каза болгон. Анын айтымында, кызын бала бакчага албай жаткандыктан, ал кызы менен таксиде иштөөгө мажбур болууда.

Бүгүнкү күндө жаш бала Свердлов районунун №171 бала бакчасына кирүү үчүн электрондук кезекке киргизилди.

Мындан тышкары, Жылдыз Бакашова Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кызматтык териштирүү жүргүзүп, жарандын жубайынын каза болгондугунун жагдайы боюнча маалымат берүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 179