• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Бакчадагы балдарга ийне сайган тарбиячы менен практикант кыз айыпка жыгылды

9 Кулжа 2023 9:27 Бишкек Govori.TV

Ташкенттин Янгихаёт районунда балдарга ийне сайганы үчүн бала бакчанын тарбиячысы менен ал жерде практикадан өтүп жаткан педколледждин студентине 1,3 миллион сум өлчөмүндө айып салынды. Бул тууралуу «Газета.уз» басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, тарбиячы менен практикант кыз Административдик кодекстин «Атайылап денеге жеңил жаракат келтирүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Майдын аягында социалдык түйүндөрдө тургундардын бири бала бакчада уулуна ийне сайылганын көрсөтүп жаткан видеотасма тараган. Анда бакчада практикадан өтүп жаткан студент кыз «уктагысы келбеген балдарга» ийне сайганы кабарланган.

Количество просмотров: 145