• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын директору алмашты

3 Чын куран 2024 17:43 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын директору болуп Акылбек Алыбаев, ал эми Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын директору болуп Алмаз Бекботоев дайындалды.

Акылбек Алыбаев буга чейин Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын жетекчиси, ал эми Алмаз Бекботоев ушул эле Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси болуп иштеп келишкен.

Акылбек Алыбаев жана Алмаз Бекботоев Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун бүтүрүүчүлөрү.

Количество просмотров: 106