• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бакибаева: Элет жериндеги айымдардын саламаттыгына салым кошкум келет

11 Бештин айы 2022 10:32 Бишкек Govori.TV

9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында сегизинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири 47 жаштагы Светлана Бакибаева Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Михайловка айылынан келди. Ал элет жериндеги айымдардын саламаттыгына салым кошкусу келет.

«Мектепте башталгыч класстарга сабак берем, жергиликтүү кеңештин депутатымын. бул жаатка келишиме кесиптешим себеп болду. Өзүн өстүрүүгө арналган ийримдерге бардым. Айымдар үчүн атайы менин демилгем менен айылыбызда фитнес клуб ачылганын турат. Алгачкы жетишкендигим ушул болду десем да болот. Бул тренингдин программасын окуп, мага керектүү көп багыттар бар экенин билдим»,-деди Бакибаева.

Количество просмотров: 53