• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Бакиев: Атамбаев бийликте турганда сөз талашыштын кереги жок эле

20 Бирдин айы 201913:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.02.2019.Govori.TV.

«Тогуз жылдан бери колдорунан келишинче жамандашты, унчукпадык. Эми чындыкты айтууга убакыт келди!»,- деген мурдакы президент Курманбек Бакиевдин иниси Адилбек Бакиев «Майдан.kg» гезитине маек берген.

Анда экс-президенттин иниси агынан жарылып үй-бүлөсунүн башынан откөн окуяларды айтып берген.

Жуналисттин эмне себептен ушунча убакыт өткөн сөн ооз ачууну туура көргөнү тууралуу суроосуна Адилбек Бакиев кыргыз элине баш ийип таазим кылып, салам айтуу менен баштаган.

«Ачыгын айтканда, тогуз жылдын жүзу болду, эмне деп гана жазышкан жок! Булардын максаты бирөө эле-өздөрү жасаган мыйзамсыз, куралдуу төңкөрүштү аяктоо керек болчу. Дал ошондуктан, биздин фамилияны дискредитациалоо максатында фантазияларынын жетишинче элге карандай калпты чындыктай жеткизүү далалатында болушту. «Коомду ушул жомокко ишендирсек, каалагандай жеп, жыргай беребиз»,-дешкен да. Сиз сурап жатпайсызбы, эмне үчүн бүгүн баарын ачык айтууга чыгынып калганым жонүндө-жооп берейин буга. Атамбаев бийликте турганда сөз талашыштын кереги жок эле. Анткени, ал өзүнүн кылмыштуу долбоорлорун жаап-жашыруу үчүн баарын бизге оодарып, жамандоо жолун калыптандырып алган»,-деген Бакиев.

Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишин сынга алып, акыркы жылдарда өлкө коррупцияга батканын белгилейт.

«Максим ЖЭБди оңдоо боюнча 150 миллион долларга келишим түзгөн. Атамбаев 386 миллион долларга баалап, ордото жегени ачыкка чыкты. Азыр Атамбаев баардык күчтөрүн мобилизациялап, 2010-жылдагы окуяны кайталаганы аракет жасап жатат. Ал үчүн элдин тагдыры оюнчук болуп калган. », — дейт Адыл Бакиев.

Адыл Бакиевдин айтымында, Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстанга инвестиция тартууга кызыкдар.

«Мен азыр Польша, Кытай, Россия ири компаниялары менен Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча иш алып барып жатам. Жалпы жонунан 100 миллион доллар Кыргызстанга кирет. Биздин өнөктөштөргө азыркы бийликтин кепилдиги керек», — деди ал.

Эске салса, 2010-жылы эл Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы чыгып, ак үйду күч менен басып алышкан. Ал эми Бакиевдер өлкөдөн чыгып кетишкен.

Количество просмотров: 14