• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Бакиевдер Кыргызстанга кайтып келсе кандай чара көрүлөөрү айтылды

20 Бирдин айы 201923:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.02.2019.Govori.TV.

Башкы прокуратура жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган мурунку президент Курманбек Бакиев жана бир туугандарынын Кыргызстанга кайтып келиши мүмкүн экени жазылган маалыматка жооп берди.
Басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, Бакиевдерге карата буга чейин козголгон кылмыш иштин негизинде оор жана өтө оор кылмыштарды жасоо фактысы боюнча айыптоо өкүмү чыгарылган. Анын ичинде 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар, адамдардын өлүмү, коррупция жана башка бирөөнүн мүлкүн тартып алуу фактылары да бар. Бакевдерди ар кандай мөөнөткө жазалоо өкүмү чыккан болчу.
«Муну менен катар учурда Бакиевдердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн башка коррупциялык иштери боюнча да текшерүүлөр жүрүп жатат жана анын жыйынтыгында алардын ишине юридикалык баа берилет. Эгерде Бакиевдердин, анын ичинде бир туугандары — Адилбек, Марат, Каныбек жана башкалардын Кыргыз Республикасынын аймагына келгендиги же башка жерде жүргөндүгү аныкталса, бир катар ыкчам тергөө иштери жүргүзүлөт», — деп айтылат Башкы прокуратуранын бидирүүсүндө.

Количество просмотров: 13