• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бакиевдер Кыргызстанга келсе камалабы? Жапаровдун жообу…

30 Бугу 2023 10:24 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги кыскача маегин куруп, мурунку президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин айланасында болуп жаткан кептер боюнча суроолорго жооп берген.

Анда журналисттин «Бакиевдер Кыргызстанга келе турган болсо камакка алынабы?», — деген суроосуна: «Аскар Акаевден айырмаланып, Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими бар. 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, баарыбыз мыйзамдарга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек», — деп жооп берген.

Ошондой эле президент Курманбек Бакиев, Жаныш, Акмат, Максим, улуу баласы Марат Бакиевдерге иш козголгонун, алар издөөдө жүрүшкөнүн айтып, келсе камала тургандыктарын билдирген.

«Ал эми Башкы прокуратуранын мага берген маалыматтары боюнча Адыл Бакиев, бир тууган иниси Марат Бакиев, Каныбек Бакиевдерге иш козголбоптур. Издөөдө жок экен.

Отуз жылдан бери бөлүнүп-жарылып жүрүп, мамлекетти чачыратып жибере жаздадык го. Соттун чечимине жана мыйзамдарга баш ийебиз. Жаныш, Максимдерди соттор актап жиберээрине көзүм жетпейт. Анткени алар өмүр бою эркинен ажыратылышкан», — деп кошумчалды Жапаров.

Количество просмотров: 201