• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бакир Таиров финансы полициясынын башкарат

28 Чын куран 2018 18:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.04.2018. Govori.TV.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Бакир Таиров дайындалды.
Буйрукка 28-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен бул кызматтын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев болду.
Эскерте кетсек, бул кызматта 10 күн эле отура алган Болот Сүйүмбаев  кызматынан бошотулган.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири катары таанымал Сүйүмбаев өткөн айда атайын кызматтын жетекчисинин орун басарлыгынан кеткен. Бирок көп узабай аны ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков азыркы кызматка дайындаган. Бул президент Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт башчынын ортосундагы саясий тиреш тууралуу талкууга жем таштаган жана премьердин иштен кетишинин башкы себебикатары да айтылган.
Количество просмотров: 30