• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бакир уулу журналисттен кечирим суроосу керек

11 Аяк оона 20249:39 Бишкек Govori.TV

Ленин райондук соту журналист Лейла Саралаеванын экс-депутат Турсунбай Бакир уулуна карата берген доо арызын жарым-жартылай канааттандырды. Ага ылайык, экс-депутат журналисттен фейсбуктагы баракчасы аркылуу ачык кечирим сурап, мурда жазганын төгүндөөгө тийиш.

Ошондой эле Саралаева тууралуу мурда жазганын өчүрүүгө милдеттүү. Бул тууралуу журналист Лейла Саралаева Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал Турсунбай Бакир уулунан моралдык зыян катары 1,5 млн сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөнүн, бирок сот ал өтүнүчүн канааттандырбаганын билдирген.

«Кыргызстандын жаңы жүздөрү» сайтынын негиздөөчүсү, журналист Лейла Саралаева 2023-жылы №21 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан. Ал былтыр декабрда өзүнүн атаандашы Турсунбай Бакир уулун сотко берип, анын Фейсбуктагы жазгандары үчүн 1,5 млн сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Количество просмотров: 72