• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинен алынды

26 Баш оона 202017:41 Бишкек Govori.TV

«Эркин Кыргызстан» партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен биргеликте аттанып жатканын маалымдаган. Бирок «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга берген тизмесине анын аты-жөнү кошулбаганын Турсунбай Бакир уулу SUPER.KG порталына билдирген.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынан кеткен эмесмин. Тизмеден алынганымды кечээ, 26-августта билдим. Себеби БШКга берилген тизмеде менин аты-жөнүм жок экен. Партиянын 19-августта өткөн курултайында программа бекитилип, тизмеге кирген талапкерлер такталган. Анын чечиминин көчүрмөсү менде бар. Менин чыгып калышыма партия лидери менен ойлорубуздун дал келбей калышы себеп болушу мүмкүн», — деп билдирген Бакир уулу.

Бул боюнча «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын басма сөз кызматы Турсунбай Бакир уулунун тизмеден эмне себептен чыгып калганы тууралуу маалыматтары жок экенин айтышкан.

Количество просмотров: 294