• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

БШК Турсунбай Бакир уулуна эскертүү берди

19 Баш оона 2023 20:39 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер койгон Турсунбай Бакир уулуна эскертүү берди.

Ага саясатчы үгүт иштери баштала электе эле баннерлерди илинип алганы себеп болгон.

Буга чейин дагы бир талапкер Лейла Саралаева Бакир уулунун үстүнөн БШКга арызданган. Ал Бишкек шаарындагы эки жерге Бакир уулунун сүрөтү, бюллетендеги номери жана «Мен кайтып келдим» деген урааны жазылган баннер илингенин айтып, анын сүрөтүн да жарыялаган.

Саралаева талапкерлердин катар номери али тактала элек экенин белгилеп, Бакир уулунун сүрөтү түшүрүлгөн баннерде «29-номердин кантип тандалып калганын айтып чыккан.

Ленин районундагы мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт.

Количество просмотров: 114