• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Турсунбай Бакир уулу: Жубайымды унаа сүзүп, айдоочусу качып кетти

4 Баш оона 202014:11 Бишкек Govori.TV

Мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу велосипедчен жубайын унаа сүзүп, айдоочусу качып кеткенин билдирди. Бул тууралуу ал фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Анын айтымында, окуя 2-августта болгон. 

«2-августта, Курман айттын акыркы күнүндө Тоголок Молдо жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде велосипед тээп бара жаткан жубайымды унаа сүзүп кетиптир. Сүзүп кеткени аз келгенсип, айдоочусу жардам бербей качыптыр! «Айттын урматына, аман калганым үчүн да, ал айдоочуну кечирдим. Аны издетпеңиз — катуу коркконунан ал өзүң жоготуп, качып кеткендир» деп жубайым менин издөө иш-аракеттеримди токтотуп койду. Аман калганына Аллахыма чексиз мактоолорду жана шүгүр келтиремин!», — деп жазган Бакир уулу.

Ошондой эле ал жубайынын абалы жакшы экенин айтып, үйдө дарыланып жатканын кошумчалаган.

https://www.facebook.com/100002728514248/posts/2659192087515049/


Количество просмотров: 263