• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

ЖМКларга каршы багытталган маалымат жыйынды Турсунбай Бакир уулу каржылаган

8 Бирдин айы 2022 17:22 Бишкек Govori.TV

Айрым журналисттерге «чет өлкөнүн агенти» деген макам берүү керек деген сунуш айтылган маалымат жыйынды мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу каржылаган. Бул тууралуу маалыматты Бакир уулу өзү 24.kg сайтына тастыктаган.

Маалыматка караганда, алар «Чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгууну сунуштап жатышат.

«Чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорун мен 5-чакырылыштын тушунда сунуштагам, бирок кабыл алынган жок. Кийин 6-чакырылыш «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» жумшак мыйзам долбоорун кабыл алып коюшту. Биз буга чейин сунушталган мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгууну сунуштап жатабыз»,-деп билдирген ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-февралда «бийлик тарабынан журналисттерге статус берилсин жана кайсы жактан каржыланып жатканы айтылсын» деген талап менен маалымат жыйын өткөн.

Количество просмотров: 539